Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына карата “Үзүлбөгөн үмүттөр” аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду.

Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына карата “Үзүлбөгөн үмүттөр” аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду.
14 Янв 2022

2022-жылдын 14-январында А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Кыргыз китеби бөлүмүнүн залында Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына карата “Үзүлбөгөн үмүттөр” аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду.
Байдылда Сарногоев (1932–2004) – Талас районуна караштуу Буденовка айылында 1932-жылы туулган. 1951-жылы Фрунзе шаарындагы №5 орто мектепти, 1956-жылы Москва шаарында М.Горький атындагы Адабият институтун бүтургөн.
1956-жылдан «Ала-Тоо» журналынын редакциясында бөлүм башчы, 1959–1973-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында адабий кеңешчи болуп иштеген. Биринчи поэтикалык жыйнагы «Шумкар» 1952-жылы жарык көргөн. Акындын көп ырларына музыка жазылган. Б.Сарногоевдин чыгармалары орус тилинде да басылып, 1986-жылы «Ашуудан берген отчетум» аттуу поэтикалык жыйнагы Кыргызстан жазуучулар Союзунун А.Осмонов атындагы адабий сыйлыгына татыктуу болгон.
1996-жылы казак жана кыргыз элдеринин салттарын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Б.Сарногоевге Казакстан Республикасынын эл аралык “Алтын көпүрө” (“Золотой мост”) сыйлыгы ыйгарылып, 2000-жылы “Байдылда” аттуу жыйнагы Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгына татыган. 1951-жылдан СССР Жазуучулар Союзунун мүчөсү болгон. 1991-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл акыны» ардактуу наамы берилген. «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн», В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдык урматына, «Каарман эмгеги үчүн» медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин ардак грамотасы, 2002-жылы «I даражадагы Манас» ордени менен сыйланган.
Көргөзмөгө төмөнкү китептер коюлду: Шумкар: Ырлар жыйнагы, Досторума: Ырлар, Бала мерген: Ырлар жана поэмалар, Баяс: Ыр менен жазылган повесть.Баяс: Стихи и поэма, Горячее озеро:Стихи, Гнездо сокола: Стихи, поэма, Эхо зрачках: Стихи, поэмы ж.б.китептери.