
2026-жылдын 23-апрель — Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасындагы Россиянын адабият жана маданият борбору 2026-жылдын 17-апрелинде «Китеп – илим, тилсиз мугалим»” аталыштагы китеп көргөзмөсүн уюштурду.
Китеп көргөзмөсүнө баарыңыздарды чакырабыз!
Каалоочуларга эшик ачык!
Белгилей кетсек, 23-апрель — дүйнөлүк адабият күнүн белгилөө үчүн мааниси бар дата. Алсак, Сервантес, Шекспир, Инка Гарсилио де ла Вега сыяктуу классиктер 1616-жылдын 23-апрелинде дүйнөдөн өткөн. Ушундан улам ЮНЕСКО уюмунун Генералдык конференциясы бул күндү китеп жана автордук укукту урматтоо максатында белгилөө резолюциясын кабыл алса, Кыргыз Республикасынын өкмөтү Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүн белгилөө токтомун 2002-жылдын 1-апрелинде кабыл алган.