Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Бий өнөрүнүн периштеси — Бүбүсара Бейшеналиева

Бий өнөрүнүн периштеси — Бүбүсара Бейшеналиева
18 Май 2026

2026-жылдын 18-майында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Массалык маалымат жана маданий программалар бөлүмү менен Маданият жана искусство бөлүмү СССРдин эл артисти, легендарлуу бийчи Бүбүсара Бейшеналиеванын (1926-1973) 100 жылдык мааракесине арналган «Кыргыз балетинин ханышасы” аталышта китеп жана сүрөт көргөзмөсүн уюштурду.
Аталган көргөзмөгө улуттук хореография өнөрүнүн негиздөөчүсү, кыргыздын улуттук балет өнөрүнө зор салым кошуп кеткен туңгуч балеринанын тарыхый сүрөттөрү жана гезит, журналга чыккан макала, маектери жайгаштырылды.
Көргөзмөгө баарыңыздарды чакырабыз!

P.S. Бул картинада белгилүү сүрөтчү, архитектор жана кыргыз көркөм өнөрүндөгү алгачкы символист-сүрөтчүлөрдүн бири Акылбек Асанов (1954–2002) тарткан «Ак куу» («Лебедь»), тагырагы, П. И. Чайковскийдин «Ак куу көлү» балетиндеги Одеттанын ролу менен тыгыз байланышта, символдук маанайда берилген улуу балеринанын образы жана Бүбүсара Бейшеналиеванын графикалык портрети. Тоолор фонунда канат жайган ак куу менен катарлаш балерина жана кичинекей балет артисттеринин элестери берилген.

Белгилей кетчү нерсе, 5 сомдук банкнотко Бүбүсара Бейшеналиеванын образын жайгаштырууда дал ушул Акылбек Асанов 1986-жылы тарткан «Ак куу» («Лебедь») графикалык портретин негиз катары колдонушкан. Анын эмгегиндеги балеринанын бейнеси, өзгөчө көз карашы жана ички сезими акчадагы портретте көрсөтүлгөн.