Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Биздин милдет — эгемендүүлүгүбүздү көздүн карегиндей сактоо!”

“Биздин милдет — эгемендүүлүгүбүздү көздүн карегиндей сактоо!”
10 Сен 2026

2026-жылдын 10-сентябрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасына Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган “Биздин милдет — эгемендүүлүгүбүздү көздүн карегиндей сактоо!” аталыштагы китеп жана сγрөт көргөзмөсү коюлду.

Аталган көргөзмөгө кыргыз элинин эркиндикке кандай кыйынчылык менен жеткени, өз алдынча суверендүү мамлекет куруу укугуна ээ болгон тарыхы боюнча жарыяланган гезит, журналдар, китептер, сүрөттөр жайгаштырылды.

Урматтуу мекендештер! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 35 жылдык майрамы менен куттуктайбыз! Мекенибизге тынчтык, элибизге ынтымак, ар бир үй-бүлөгө бекем ден соолук, бакыт-таалай каалайбыз!

Элибиздин кылымдар бою кыялданып жеткен эркиндикти, муундан-муунга өтүп келе жаткан эң бийик, баа жеткис байлыгы — Эгемендүүлүктү көздүн карегиндей сактайлы!

Эскерте кетсек, 2026-жылдын 18-августунда Улуу Үркүндүн 110 жылдыгына арналып коюлган китеп жана сγрөт көргөзмө уланууда…

Бардык окурмандарды көргөзмөгө чакырабыз!

Белгилей кетсек, Кыргызстан расмий түрдө эгемендүүлүктү 1991-жылы 31-августта жарыялаган. Бирок быйылкы Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара президент Садыр Жапаровдун буйругу менен 11-12-сентябрда Талас облусунда өткөрүлөт.