Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Чүй облусуна – 100 жыл: Улуттук китепкананын алдындагы Алыкул Осмоновдун эстелигине гүл чамбар коюлду

Чүй облусуна – 100 жыл: Улуттук китепкананын алдындагы Алыкул Осмоновдун эстелигине гүл чамбар коюлду
10 Окт 2026

 

2026-жылдын 10-октябрында Алыкл Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы Алыкул Осмоновдун эстелигинин жанына алп акындын өмүр жолу, чыгармачылы боюнча материалдарды жана сүрөт көргөзмөсүн уюштурду.

Уюшулган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эпкинбек Аширбаев, Кыргыз Эл Баатыры Апас Жумагулов, генерал Бакирдин Субанбеков, Кыргыз эл артисти Сардарбек Жумалиев, Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директору Элдар Аттокуров жана Чүй облусунун ардактуу аксакалдары катышып, залкар акындын эстелигине гүл чамбар коюшту.

Актер Чыңгыз Мамаев Алыкул Осмоновдун “Ата Журт”, “Замана” аттуу ырын жана сүйүү лирикасынан көркөм окуп берди.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын 10-октябрында Чүй облусунун ардактуу атуулдары Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине карата Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан эстеликтерге Чүй облусунан чыккан тарыхый инсандарды эскерүү жана эстеликтеринин алдына гүл чамбар коюу максатта жөө жүрүшүн бүгүн таң эрте баштады. Өчпөс оттун жанынан башталган жөө жүрүш Алыкул Осмонов, СССРдин эл артисти, легендарлуу бийчи Бүбүсара Бейшеналиева, залкар акын, жазуучу, драматург, публицист Аалы Токомбаевдин эстелигине чейин уланып, СССРдин эл артисти, атактуу балет бийчиси Чолпонбай Базарбаевдин эстелигинин алдынан аяктады.