
Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасындагы Кыргыз китеби бөлүмү “Күч билимде, билим китепте” аталыштагы китеп көргөзмөсүн уюштурду.
Ч.Айтматов залына жайгашкан китеп көргөзмөсүнө баарыңыздарды чакырабыз!

Белгилей кетсек, 23-апрель — дүйнөлүк адабият күнүн белгилөө үчүн мааниси бар дата. Алсак, Сервантес, Шекспир, Инка Гарсилио де ла Вега сыяктуу классиктер 1616-жылдын 23-апрелинде дүйнөдөн өткөн. Ушундан улам ЮНЕСКО уюмунун Генералдык конференциясы бул күндү китеп жана автордук укукту урматтоо максатында белгилөө резолюциясын кабыл алса, Кыргыз Республикасынын өкмөтү Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүн белгилөө токтомун 2002-жылдын 1-апрелинде кабыл алган.