Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Чыгармачыл винегрет” жана “Михаил Булгаковдун фантастикалык дүйнөсү» көргөзмөсү…

“Чыгармачыл винегрет” жана “Михаил Булгаковдун фантастикалык дүйнөсү» көргөзмөсү…
29 Май 2026

Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Россиянын адабият жана маданият борбору «Китепкана түнү – 2026» коомдук-маданий иш-чарага арналган “Чыгармачыл винегрет” аталыштагы китеп жана сүрөт көргөзмөсүн уюштурду.


Ошондой эле борбордун фойесине “Россотрудничество” “Михаил Булгаковдун фантастикалык дүйнөсү» аталыштагы көргөзмөсγн жайгаштырды. Стенддердеги кыргызча берилген тексттерди белгилүү журналист, акын, котормочу Жыргалбек Касаболотов которгон.
Стенддердин биринде айтылуу М.Булгаковдун романы бир канча тилге которулганы жазылган. Анын ичинде кыргыз тили да бар. Бул тилге журналист, котормочу, акын Эрнис Асек уулу (1970-2020) которгону боюнча кыскача маалымат жана 2024-жылда жарык көргөн “Мастер менен Маргарита” китебинин мукабасы жайгаштырылган.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Улуттук китепканасы 2026-жылдын 28-майында «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу Жарлыгын ишке ашыруу алкагында, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына карата “Эгемендик – ыйык мурас, Уңгужол – келечекке багыт» аталыштагы “Китепкана түнү – 2026” коомдук-маданий иш-чара өткөрдү.