Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

ДОЛБООР: «Акылдуу аары»

ДОЛБООР: «Акылдуу аары»
17 Июн 2026

2026-жылдын 17-июнунда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Чыңгыз Айтматов залында «Bee Smart» («Акылдуу аары») аудио-визуалдык көнүгүүлөр комплексинин расмий таанытымы болуп өттү.

«Эффект» билим берүү мекемеси менен Улуттук китепкана уюштурган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары Октябрь Капалбаев, Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин Мектептик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Гүлнара Ибраимова, Кыргыз билим берγγ академиясынын мектепке чейинки жана башталгыч мектептик билим берγγ лабораториясынын башчысы Чынара Аттокурова, “Эффект» билим берүү мекемесинин директору, «Bee Smart» («Акылдуу аары») долбоорунун автору Зарипа Исламова, А.Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директору Элдар Аттокуров жана башка илимпоздор, педагогдор, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү, ата-энелер катышты.

Уюштурулган иш-чараны Улуттук китепкананын директору Элдар Аттокуров алып барып, “Bee Smart” (“Акылдуу аары”) – мектепке чейинки жана башталгыч курактагы балдардын интеллектуалдык, тилдик, эмоционалдык, чыгармачылык жана социалдык өнүгүүсүн колдоого багытталган заманбап билим берүү долбооруна кенен токтолуп, балдардын логикасын өстγрө турган мыкты табылга экендигин баса белгилеп, долбоордун авторуна ыраазычылык билдирди.

Балдардын билимге болгон кызыгуусун эрте курактан арттыруу,  жөндөмдөрүн ачууга көмөк көрсөтүү жана сапаттуу кыргыз тилдүү билим берүү ресурстарын түзүү максатында уюштурулган иш-чарада долбоор тууралуу даярдалган видео-ролик көрсөтүлүп, комплекстин мазмуну жана өзгөчөлүктөрү кеңири тааныштырылып, практикалык презентация уюштурулду.