Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Дубалдар эмес, көпүрөлөр” китебинин таанытымы өтөт

“Дубалдар эмес, көпүрөлөр” китебинин таанытымы өтөт
04 Сен 2026

2026-жылдын 8-сентябрында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Ч.Айтматов залында Кыргызстандын Швейцариядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси Муратбек Азымбакиевдин кыргыз-орус тилдеринде жазган “Дубалдар эмес, көпүрөлөр: дипломаттын эскерүүлөрү. Татаал нерселер жөнүндө чындык”/ “Мосты, а не стены: записки дипломата. Честно о сложном” китебинин таанытымы болот.

Уюшулган иш-чара саат 11:00дө китеп жана сүрөт көргөзмө менен башталат.