Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директору Элдар Аттокуров китепкана кызматкерлерин бүгүнкү Курмат айт жана кесиптик майрамы менен куттуктады.

Урматтуу китепкана кызматкерлери!
Сиздерди Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын эмгек жамаатынын жана өзүмдүн атымдан кош келген майрам Курман айт жана Китепканалар күнү менен куттуктайм!
Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы — өлкөдөгү эң башкы жана ири маданий, илимий мекемелердин бири. Ал 1934-жылы негизделип, 1993-жылы «улуттук» расмий макамга ээ болгон. Улуу акындын ысымын сыймыктануу менен алып жүргөн китепкананын негизги максаты коомдун маданий деңгээлин көтөрүү жана китепканаларды өнүктүрүү, китепканачылардын кадыр-баркын арттыруу.
Китепкана фондунда дүйнө элдеринин 90дон ашык тилиндеги 6 миллиондон ашык китеп жана басылмалар сакталган. Китепкана — бул жөн гана маалымат сакталган жай эмес. Бул улуттун ой жүгүртүүсү калыптанган мейкиндик.
Ушул маалымат океанынын ээси, билим дүйнөсүнө жол көрсөткөн агартуучулар, Сиздерди майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм. Курман айтыбыз маарек болсун!
Элдар АТТОКУРОВ
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын өкмөтү мамлекеттин илим-билим, маданият, адабият жана маалымат багыттарында китепканалардын олуттуу ордун белгилөө максатта 2008-жылдын 27-майында Китепканалар күнү деп жарыялаган. Ошол эле жылдын 17-июнунда өкмөттүн токтому менен расмий бекитилген. Бул майрам китепкана тармагын өнүктүрүүгө салым кошкон адистердин жана китепти сүйгөндөрдүн жалпы майрамы болуп саналат.