
2026-жылдын 21-апрелинде Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын китеп фонду Турсунасан Жүсүп уулунун сыясы кургай элек “Элдик экологиялык календарга үңүлүү” китеби менен толукталды.
Бул китепти жана “Арстанбек”, “Административное право Кыргызской Республики”, “Тыныбек”, “Бердигул Курманкулов”, “Эл аралык укук”, “Сезимбий”, “Тубаса педагог”, “Сейитбек Садыков”, “Тханкалар”, “Совершенствование управления в ХХI веке: нормативное правовое обеспечение”, англис тилине которулган “Ысык-Көлдүн даанышман акелери” (The wise fathers of Issyk-Kul lake) китептерин белек кылган “Нуска” кыргыз китеп борборунун жетекчиси Анаркан Садыкуловага терең ыраазычылык билдиребиз!