Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Эсиңдеби”… “Яргула”… “Той шашуну”…

“Эсиңдеби”… “Яргула”… “Той шашуну”…
29 Май 2026

Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмү «Китепкана түнү – 2026» коомдук-маданий иш-чарасын утурлай, “Кыргызстан элдеринин адабияттары”/ “Литература народов Кыргызстана” китеп көргөзмөсүн уюштурган.

28-майда Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Медер Рахман, ассамблеянын маданий иштери боюнча жетектөөчү адиси Айна Чалова жана

Украин диаспорасынын өкүлдөрү, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери китеп көргөзмөсү менен таанышып, Кыргызстанда жашаган элдердин эне тилинде жарык көргөн адабияттарын талкуулашты. Аларга “Кыргызстандын эң кооз он жери, тоо сууларынын керемети” тууралуу Тянь-Шань туристтик фирмасынын жетекчиси Нурсултан Арстанбеков дарс окуду. Суроолорго жооптор болду.

 

 

 

 

 

 

 

Уюштурулган иш-чаранын концерттик программасына уйгур, казак, украин диаспораларынын өкүлдөрү катышып, кыргыз ырларынан аткарышты.

Кыргыз эл артисти Султан Каримов “Кыргызстаным” жана уйгур эл ыры “Яргуланы” ырдап берди. Эл аралык сынактардын лауреаты Нурлан Абдиралиев казак эл ыры “Той шашуну”, украин диаспораларынын өкүлдөрү Жакыпбек Алымовдун ырына мыкты обон жараткан айтылуу Рыспай Абдыкадыровдун “Эсиңдеби” ырын хор менен ырдап берип, көрγγчγлөрдγ ыраазы кылышты.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Улуттук китепканасы 2026-жылдын 28-майында «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу Жарлыгын ишке ашыруу алкагында, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына карата “Эгемендик – ыйык мурас, Уңгужол – келечекке багыт» аталыштагы “Китепкана түнү – 2026” коомдук-маданий иш-чарасын өткөрдү.