Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

ФОРУМ: «Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы Шериктештиктин заманбап адабий процессинде»

ФОРУМ: «Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы Шериктештиктин заманбап адабий процессинде»
11 Июн 2026

2026-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын Ч.Айтматов залында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШга) мүчө мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XIX форумунун алкагында «Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы Шериктештиктин заманбап адабий процессинде» аттуу талкуу болуп өттү.

Маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, илим, билим берүү жана искусство тармактарындагы байланыштарды чыңдоого багытталган форумга Кыргызстан жана Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Россия, Түркмөнстан, Өзбекстан өлкөлөрүнөн келген окумуштуулар, жазуучулар, маданият ишмерлери, искусство таануучулар жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышып, баяндама жасашты.

Ошондой эле иш-чарада Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгындагы гумандуулук философиясы, улуттук дүйнөтааным, тарыхый эс, маданий байланыштар жана жазуучунун адабий мурасы каралып, улуу жазуучунун чыгармачылыгынын заманбап гуманитардык мейкиндиктеги орду, мааниси, улуттук адабияттарды өнүктүрүүгө жана маданияттар аралык баарлашууну бекемдөөгө кошкон салымы зор болгону айтылып, бүгүнкү күндө да чыгармачылыгы актуалдуулугун жоготпой сактап турганын, КМШ элдери үчүн маанилүү руханий жана маданий багыт бойдон кала берерин, мурасын изилдөө, жайылтуу маанилүү экендигин баса белгилешти.

Жыйынтыгында өлкөлөр ортосундагы саясий, экономикалык, гуманитардык, маданий, илимий жана башка тармактардагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү жана бекемдөө зарылдыгын айтышты.

Аягында Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасына россиялык белгилүу тарыхчы, саясат таануучу, тарых илимдеринин доктору, профессор Евгений Кожокин “Синопсис Исаака Львовича” китебин, Өзбекстандын эмгек сиңирген журналисти, жазуучу жана коомдук ишмер Ахмаджон Мелибоев “Асрларга татигулик умр”, “Чингиз Айтматов: Давр Инсон Хакикат” деген китебин тапшырышты.