А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасындагы Ч.Айтматов залында “Ганди” көркөм фильми боюнча талдоо болуп өттү.

“Бир адамдан бир китеп” коомдук бирикмесинин ыктыярчысы Нургүл Өмүрбекова дайындаган он суроого туура, так жооп берген студенттер китеп менен сыйланышты.

Махатма Гандинин өмүрүнө жана ишмердигине байланыштуу түзүлгөн кахут оюну да кызыктуу өтүп, үч орун ээлеген студенттерге жаңы китептер белекке берилди.
Улуттук китепкана, Улуттук жазуучулар Союзу, “Улуу Тоолор” басмаканасы жана “Бир адамдан бир китеп” коомдук бирикмеси биргелешип уюштуруп келаткан иш-чаранын кийинкиси — 25-апрелде.
Кыргыз адабий чөйрөсүнө белгилүү, өзгөчө сын макалалары, аңгемелери менен таанымал калемгер Жолдубек Качкынбаевдин “Батберек” повестиси боюнча талдоо өтөт.
Каалоочуларга эшик ачык!