Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Ганди” киносу боюнча талдоо

“Ганди” киносу боюнча талдоо
10 Апр 2026

Индиянын даңазалуу уулу Махатма Гандинин (1869–1948) өмүрүн чагылдырган “Ганди” киносу (1982-жылы тартылган) боюнча талдоо 11-апрелде, А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепкананын Ч.Айтматов залында өтөт.

Улуттук китепкана, Улуттук жазуучулар Союзу, “Улуу Тоолор” басмаканасы жана “Бир адамдан бир китеп” коомдук бирикмеси биргелешип өткөрүп жаткан иш-чара саат 10:00до башталып, 12:30та аяктайт.

Индиянын көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн көрүнүктүү саясий жана руханий лидер, Британиянын бийлигине каршы тынчтык жолу менен күрөшүп, «Улут атасы» катары таанылган индия элинин даанышманы, гуманист адамдын жашоосу жөнүндө пикир алышууга баарыңыздарды чакырабыз!

Каалоочуларга эшик ачык!