
Кыргызстандын көрүнүктүү аскердик жана мамлекеттик ишмери, мурдагы Коргоо министри жана Коопсуздук кеңешинин катчысы, Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты, генерал Исмаил Исаковдун кыргыз-орус тилдеринде жазган “Тарых. Кыргызстан Улуу Ата мекендик согуш жылдарында (1941-1945)/ История. Кыргызстан в годы Великой Отечественной войны (1941-1945)” китебинин таанытымы болот.
Улуттук китепкана, Улуттук жазуучулар союзу, “Улуу Тоолор” басмаканасы автор менен биргеликте уюштуруп жаткан иш-чара А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Жыйындар залында 23-майда өтөт. Иш-чара саат 10:00дө башталат.
Каалоочуларга эшик ачык!