Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

«ИРБИС – 2026 мектеби» Улуттук китепканада 

«ИРБИС – 2026 мектеби» Улуттук китепканада 
21 Апр 2026

2026-жылдын 20-апрелинде А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында «ИРБИС – 2026 мектеби” иш-чарасы болуп өттү. Китепканаларда жаңы технологияларды колдонуу жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу багытында уюшулган иш-чарага Улуттук китепкананын жана Бишкектеги жогорку окуу жайлардын китепкана адистери, кызматкерлери жана студенттер катышып, китепкана тармагындагы заманбап маалыматтык технологиялар боюнча маалымат алышты.

Россия Федерациясынан келген адистер баяндама жасашты. Коомдук илимдер боюнча илимий маалымат институтунун башкы илимий кызматкери Карауш Александр Сергеевич жасалма интеллект (ЖИ) боюнча, «ЭйВиДи-систем” ЖЧКнын окуу-методикалык бөлүмүнүн жетекчиси Казакова Ольга Анатольевна маалыматтык техникалык колдонуу боюнча, ушу эле бөлүмдүн адиси Изман Татьяна Петровна ИРБИС боюнча баяндама жасап, китепкана системаларынын өнүгүү багыттары тууралуу кеңири маалымат беришти. Айрыкча жасалма интеллектини колдонуу маселелери, анын артыкчылыктары жана терс жактары терең түшүндүрүлдү.Катышуучулар пайдалуу маалымат алгандан кийин адистерге кызыккан суроолорун берип, жоопторун алышты.

Белгилей кетсек, ИРБИС (китепкананы автоматташтыруу система) китепкана процесстерин автоматташтыруу үчүн Россияда жана КМШда колдонулган популярдуу программа. Ал электрондук каталогду башкарууга, адабияттарды сатып алууга жана санариптик китепканаларды түзүүгө (анын ичинде IRBIS 64/128 аркылуу) мүмкүндүк берет.