Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Каалга” ыр жыйнагы боюнча талдоо

“Каалга” ыр жыйнагы боюнча талдоо
08 Июн 2026

2026-жылдын 13-июнунда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Абай залында журналист, акын, котормочу Эрнис АСЕК уулунун (1970-2020)Каалга” ыр жыйнагы боюнча талдоо өтөт.

Улуттук китепкана, Улуттук жазуучулар Союзу, “Улуу Тоолор” басмаканасы жана “Бир адамдан бир китеп” долбоору биргелешип өткөрүп жаткан иш-чарага белгилүү акын, жазуучулар катышат.

Иш-чара саат 10:00до башталып, 13:00дө аяктайт.

Каалоочуларга эшик ачык!