Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Камбаралы Бобулов: «Эне тил барда мен бармын…»

Камбаралы Бобулов: «Эне тил барда мен бармын…»
08 Июн 2026

 

2026-жылдын 8-июнунда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын китеп фонду залкар акын, жазуучу, котормочу, адабиятчы, сынчы, прозачы жана коомдук ишмер Камбаралы Бобуловдун (1936-2003) «Эне тил барда мен бармын…» (публицистикалар, эскерүүлөр) китеби менен толукталды.

«Легендарлуу парламенттин» (1990–1995-ж.ж.) депутаты, мамлекеттик эгемендүүлүктүн түптөлүшүнө, кыргыз тилинин жана улуттук баалуулуктардын өнүгүшүнө зор салым кошуп кеткен Камбаралы Бобуловдун карындашы, “Эне тил барда мен бармын…” китебин түзгөндөрдүн бири, агасынын публицистикалык эмгектери жана замандаштарынын эскерүүлөрү топтолгон китепти белек кылган Кандалат Бобуловага терең ыраазычылык билдиребиз!