2026-жылдын 13-майында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасындагы Кыргыз китеби бөлүмү акын, жазуучу, котормочу, адабиятчы, сынчы жана коомдук ишмер Камбаралы Бобуловдун (1936-2003) 90 жылдыгына арналган “Айлуу тγндө кγйгөн от” аталыштагы китеп көргөзмөсγн уюштурду.


Аталган көргөзмөгө улуу жазуучунун китептери жайгаштырылды.
“Мекеним барда мен бармын,
Мекеним барда Камбармын.
Унутпай жүрөр мекеним,
Артымда калса ырларым” деп залкар акын жазгандай, улут үчүн күйгөн инсанды кыргыз эли эч качан унутпайт.
Кара сөздүн устаты, лирика чеберинин китеп көргөзмөсγнө баарыңыздарды чакырабыз!