
2026-жылдын 23-сентябрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасындагы Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмү мамлекеттик ишмер, кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, туңгуч кыргыз профессору, акын, драматург, агартуучу Касым Тыныстановдун (1901–1938) 125 жылдыгына арналган “Касым Тыныстанов – XX кылымдын улуу инсаны” аталыштагы китеп көргөзмөсүн уюштурду.

Аталган көргөзмөгө К.Тыныстановдун кыргыз тили илимине пайдубал болгон алгачкы окуу китептери, мугалимдер үчүн усулдук колдонмолор, залкар инсандын адабий чыгармалары, ал тууралуу чыгармалар, тарыхый документтер жана макалалар жайгаштырылды.
Китеп көргөзмөгө бардык окурмандарды чакырабыз!