

А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын мырзалары 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата бγгγн, 6-мартта «Эне — үйдүн куту, жашоонун көркү” аталышта иш-чара өткөрдγ.

Ак калпак кийген кыргызымдын жигиттери кызыл килем жайып, астанадан айымдарды гγл, жагымдуу музыка менен тосуп алышты. Арноо сөздөрүн жыйын залында айтышты. Ыр окушту, комуз, аккордеон менен обон созушту, интеллектуалдык оюн уюштуруп, белек тапшырышты.

Улуттук китепкананын директору Элдар Аттокуров Улуттук китепканада аялзаты басымдуулук кыларын айтып, иши менен кошо балага да жакшы тарбия берип, мээрим чачып, камкор көргөн эне экенин баса белгилеп, илгертен эле кыргыз эли аялзатын баалап-барктап, урматтап-сыйлап келишкенин, атүгүл дүйнөдө айымдар үчүн согуш да болгонун айтып, карт тарыхты эске салды.
Директордун кеңешчиси Мукталы Бектеналиев аялзатына арнаган сөздүн гүлүн түнү менен терип, кирпик какпай чыкканын, таң эрте тосуп алган айымдардын ажарынан кулап кете жаздаганын тамашага салып айтып, залды кыраан-каткырыкка бөлөдү. Аялзатынын ордун, ролун айтып, куттуктады.


Андан соң ырчы, обончу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Анарбек Сардарбеков акын, прозаик, котормочу Эрнис Турсуновдун “Аял жөнүндө ода” ырын көркөм окуп, лирикалык ырдан созду…
Кыргыз эл артисти Курмангазы Азыкбаев куттуктап, ийгиликтин баары эненин эмгеги, сүйүүсү, колдоосу экенин, кыргыздын каада-салтын, нарк-насилин үйрөтөрүн айтты. “Ата — бата берет, тилек кылат, а эне мээримин чачат, болгон энергиясын балага арнайт” деп, белгилүү акын Жолон Мамытовдун калемине таандык, обону атактуу композитор, ырчы Рыспай Абдыкадыровдун “Издейм сени” ырын саксафондо ойноп берди.


Майрамдын аягы белек тапшыруу жана тренд оюну менен аяктады.




“Ар бир жылдын өз алдынча даңкы бар,
Ар бир айдын өз алдынча баркы бар.
Күлүп-жайнап гүлдөгүлө жалпыңар,
Куттуу болсун сегизинчи мартыңар” деп залкар акын Байдылда Сарногоев жазгандай, майрам кут болсун, урматтуу айымдар!



