Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Китеп дүйнөсү: «Кооз кыстармалар»…

Китеп дүйнөсү: «Кооз кыстармалар»…
03 Июн 2026

Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Негизги фондду сактоо бөлүмү “Китепкана түнү – 2026» коомдук-маданий иш-чарага арналган «Кооз кыстармалар» аталышта мастер-класс өткөрүп, окурмандар жана бөбөктөр үчүн кызыктуу экскурсия уюштурду. Окурмандарды жана бөбөктөрдү китеп сүйүүгө, тыкан кармоого жана ага этият мамиле кылуу максатта уюшулган мастер-класста катышуучулар китеп дүйнөсү менен кеңири таанышып, бай маалымат ала алышты.

Мындан тышкары, ата-энесинин коштоосунда келген балдар альбомдогу сүрөттөрдү түрлүү боек менен боешту…

Коноктор М.Абдраев атындагы Республикалык музыкалык мектеп-интернатынын 11-классынын окуучулары: Н.Абылкасымов, А.Молдокулов, С. Орозбеков, Ч. Абданбековдун өнөрлөрүнө күбө болушту.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Улуттук китепкана 2026-жылдын 28-майында «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу Жарлыгын ишке ашыруу алкагында, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына карата “Эгемендик – ыйык мурас, Уңгужол – келечекке багыт» аталыштагы “Китепкана түнү – 2026” коомдук-маданий иш-чарасын жогорку деңгээлде өткөрдү.