

Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы 23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата “Китеп – белек, билим — байлык” аталыштагы иш-чара өткөрдү.


Китеп окууну жайылтуу, жаштардын билимге болгон кызыгуусун арттыруу жана руханий баалуулуктарды даңазалоо максатында Кыргыз китеби жана Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмү китеп көргөзмөсүн уюштурду.


Ал эми фойеде студенттердин билим деңгээлин текшерүү, оюн түрүндө жаңы маалыматтарды берүү максатында атайын жаштар үчүн суроо-жооп оюну (викторина) ойнотулду. Бул таймашка студенттер Алтынай Шаршеналиева, Айдана Кенжебаева, Оксана Усупова, Эдилбек Абдысаматов, Наргиза Пасидинова, Уриниса Уланова активдүү катышып, так жоопторду таап, кыргыз акын-жазуучулардын китептерин белекке алышты.



Белгилей кетсек, бүгүн, 23-апрелде, Жалал-Абад облустук китепканасынын 100 жылдык мааракесине арналып өткөрүлүп жаткан Эл аралык «XVII КИТЕП FEST — 2026» китеп фестивалына А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы да катышып, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата басылып чыккан китеп көргөзмөсүн уюштурду. Көргөзмөгө Улуттук китепканадагы эң чоң (72х52 см) жана эң кичине (5х5 мм) китептер, 2025–2026-жылдары китепкана фондуна келип түшкөн жаңы китептер коюлду.