2026-жылдын 23-апрель — Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы китеп окуу маданиятын жайылтуу, китеп сатууну колдоо жана заманбап адабият менен тааныштыруу максатында уюшулуп жаткан Эл аралык “Kitep Fest – 2026” фестивалына катышат.

“Күч билимде, билим китепте” аталышта Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар жана Кыргыз китеби бөлүмдөрүндө китеп көргөзмөлөрү уюштурулат.
Китеп көргөзмөсүнө баарыңыздарды чакырабыз! Каалоочуларга эшик ачык!
Белгилей кетсек, 23-апрель — дүйнөлүк адабият күнүн белгилөө үчүн мааниси бар дата. Алсак, Сервантес, Шекспир, Инка Гарсилио де ла Вега сыяктуу классиктер 1616-жылдын 23-апрелинде дүйнөдөн өткөн. Ушундан улам ЮНЕСКО уюмунун Генералдык конференциясы бул күндү китеп жана автордук укукту урматтоо максатында белгилөө резолюциясын кабыл алса, Кыргыз Республикасынын өкмөтү Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүн белгилөө токтомун 2002-жылдын 1-апрелинде кабыл алган.