Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Китеп фонду Айтматовдун мажар тилине которулган китептери менен толукталды

Китеп фонду Айтматовдун мажар тилине которулган китептери менен толукталды
06 Апр 2026

2026-жылдын 6-апрелинде Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепкананын китеп фонду Кыргыз Республикасынын Эл баатыры, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын жана эл аралык сыйлыктардын лауреаты, Бүткүл дүйнөлүк илим жана искусство академиясынын академиги, дүйнөгө таанымал улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мажар тилине которулган «Гүлсарат» («A versenyló halála»)/«Ак кеме» («Fehér hajó») жана «Кылым карытар бир күн» (Az évszázadnál hosszabb ez a nap) китептери менен толукталды.

Баалуу китептерди белек кылган Мажар Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинде эмгектенип жаткан маданият жана билим берүү боюнча дипломат Беата Фалга терең ыраазычылык билдиребиз!