
2026-жылдын 30-мартында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасындагы Ч.Айтматов залына Асан Жакшылыковдун 21 томдук: “Таң шоокум” I, “Эх, сүйүү” II, “Элет аңгемелери” III, “Мээрим” IV, “Алтын доорго арзуу” V, “Залкарлар, замандаштар” VI, “Шаа дүйнө” VII, “Көкөй кести” VIII, “Кут өмүр” IX, “Учкул сөздөр-1” X, “Учкул сөздөр-2” XI, “Күү заман” XII, “Эстутум” XIII, “Кыргыз жолу-1” XIV, “Кыргыз жолу-2” XV, “Кыргызчылык” XVI, “Манас дүйнөсү” XVII, “Восхождение к чистоте” XVIII, “Обондуу ырлар” XIX, “Асан чакырык-1” XX, “Асан чакырык-2” XXI китептери көргөзмөгө коюлду.
Акын, прозаик, драматург, котормочу, коомдук ишмер, Ч.Айтматов атындагы шаардык китепканадагы «Элдик китепкана» клубунун негиздөөчүсү, Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчиктин жана ТүркСойдун алтын медалдарынын ээси, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыковдун 21 томдук чыгармалар жыйнагы менен таанышабыз десеңиздер, көргөзмөгө келиңиздер!