
2026-жылдын 11-августунда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын китеп фонду “Көчмөндөр кодекси” (Улуттук идеология. Көчмөндөрдүн байыркы тарыхы жана маданияты. Улуттук мурас жана дөөлөттөр / Түзүүчү К.Самаков), “Көкөтөйдүн ашы” (Англисчеден кыргыз тилине которгон жана илимий талдаган Тынчтыкбек Чоротегин /Түзүүчү К.Самаков), “Мен жөнүндө” (Карганбек Самаковдун тагдырына арналган, ар кандай кырдаалда жазылган замандаштарынын ой-пикир, каалоо-тилектери) китептери менен толукталды.
Баалуу китептерди белек кылган коомдук жана мамлекеттик ишмер Карганбек Самаковго терең ыраазычылык билдиребиз!