
2026-жылдын 21-октябрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын китеп фонду “Жоомарт жолу – “Манас”, “Калк казынасына мураскер”, “Манастаануу” окуу китеби, “Манас” эпосундагы сан-өлчөм түшүнүктөр” (илимий изилдөө), “Бытовая лексика эпоса “Манас”, “Сорок чоро хана Манаса” китептери жана “Эпос” эл аралык илимий журналдары менен толукталды.
Баалуу китептерди, журналдарды белек кылган “Манас” улуттук академиясынын президенти Назира ААЛЫ кызына терең ыраазычылык билдиребиз!