Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Китеп фонду баалуу китептер менен толукталды

Китеп фонду баалуу китептер менен толукталды
04 Ноя 2026

2026-жылдын 4-ноябрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын китеп фонду санжырачы, дастанчы, жазуучу Калкан Керималиевдин “Алп манасчы Келдибек”, “Жаңыл Мырза” китептери жана Жаныбек Керималиевдин “Аарылардын илдеттери жана зыянкечтери”, “Жайыт дан чөп өсүмдүктөрүн агротехникалык жол менен өстүрүү үчүн колдонмо”, “Многолетние кормовые травы”, “Фауна и экология клещей медоносных пчел Кыргызстана”, “Медоносные растения Кыргызстана”, “Руководство по организации искусственного осеменения коров и телок”, “Биотехнология репродукции сельскохозяйственных животных” китептери менен толукталды.

Баалуу китептерди белек кылган ветеринария илимдеринин доктору, профессор Жаныбек Керималиевге терең ыраазычылык билдиребиз!