2026-жылдын 9-июнунда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын китеп фонду “Манасчылар” (экинчи басылышы), Семетей, Сейтек Либянди Гусы (Фатима Машинхаева иштеп чыккан улуу “Манас” эпосунун “Семетей”, “Сейтек” бөлүктөрү дунган тилинде жарык көрдү), “Курманбек Кара чоро” (Улукбек Токтоболот уулунун айтуусунда), Замирбек Үсөнбаев (эскерүүлөр), “Уңгуну улай (Кыргыз Республикасынын төкмө акындары), “Кыргызские народные песни” китептери менен толукталды.
Баалуу китептерди белек кылган Кыргыз улуттук “Манас” театрынынын директору Нурбек Талантбековго терең ыраазычылык билдиребиз!