
А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын китеп фонду Атайбек Бөдөшов менен Каныкей Эралиеванын жан дүйнөсүнөн балдар үчүн жаралган, нотага түшүрүлгөн «Күн балдары» аттуу обондуу ырлар китеби менен толукталды.
Балдардын балапан жүрөктөрүн ойготуп, ойнотуп, аруулукка, ыймандуулукка, Ата Мекенди сүйүүгө үндөгөн ыр жыйнакты, бешиктеги баладан, бала бакча, мектеп окуучулары, ыр-хор ийримдерине да колдонууга арналган эң сонун китепти белек кылган Кыргыз Республикасынын Эл артисттери, легендарлуу композитор-жубайлар Атайбек Бөдөшов менен Каныкей Эралиевага терең ыраазычылык билдиребиз!