
2026-жылдын 31-мартында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын китеп фонду бөбөктөргө арналган «Манас», «Семетей», «Сейтек» (түзгөн К.Самаков, С.Рысбаев, А.Бекбоева) жана Карганбек Самаковдун калемине таандык «Асылдарым», кыргыз-орус тилдериндеги «Маданият – элдин руханий азыгы», «Культура – духовный кислород народа» китептери менен толукталды.
Баалуу китептерди белек кылган «Манас» эпосун, «Айтыш» жана шырдак, кийиз, боз үй, көк бөрүнү Юнеского каттаткан Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты, Юнеско иштери боюнча Улуттук комиссиянын мурдагы жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржысынын отличниги, мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси, Юридика илимдеринин кандидаты, Россиянын коопсуздук коргонуу жана укук тартип Академиясынын «Ардактуу академиги», Москва ишкердүүлүк жана укук институтунун ардактуу профессору, Нарын шаарынын жана Нарын облусунун ардактуу жараны жана бир топ сыйлыктардын ээси Карганбек Самаковго терең ыраазычылык билдиребиз!