Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Китеп фонду “Кыргызга кызмат кылгандар” тарыхый китеби менен толукталды

Китеп фонду “Кыргызга кызмат кылгандар” тарыхый китеби менен толукталды
01 Июн 2026

2026-жылдын 1-июнунда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын китеп фонду “Кыргызга кызмат кылгандар” тарыхый китеби менен толукталды.
Кыргыз элинин маданиятына, илимине, адабиятына жана мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө зор салым кошкон тарыхый инсандардын тагдыры камтылган, өмүр таржымалы баяндалган китебин белек кылган Айнюса Кулматовага терең ыраазычылык билдиребиз!
Белгилей кетсек, «Кыргызга кызмат кылгандар» алгач Айнюса Кулматованын авторлугу астында УТРКнын «Маданият.Тарых.Тил» каналында түзүлүп, көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырган. Даректүү телекөрсөтүүлөрдүн түрмөгү кийин толукталып, кеңейтилип, тарыхый-публицистикалык китеп форматында жарык көрдү.