
Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасындагы китеп фонду “Мукай Элебаев” (тандалган чыгармалар) китеби менен толукталды.
Жогорку окуу жайынын студенттерине, мектеп окуучуларына жана жалпы окурмандарга арналган баалуу китептерди белек кылган Мукай Элебаев атындагы коомдук фонддун жетекчиси, кыргыз адабиятынын тарыхында алгач роман жараткан классик жазуучу Мукай Элебаевдин (1906-1944) бир тууган иниси Беккул Элебаевдин уулу Нурбек Элебаевге терең ыраазычылык билдиребиз!