
2026-жылдын 17-апрелинде Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын китеп фонду “Кыргыз адабияты”, “Физика”, “Химия”, “Дикция жана анын негиздери”, “Электр менен жабдуудагы негизги электр шаймандары”, “Электр машиналары”, “Эмгек гигиенасы”, “Медициналык паразитология”, Медициналык генетика”, “Электроника”, “Бажы төлөмдөрү”, “Кинооператорлук чеберчилик”, “Адабиятты окутуунун методикасы” китептери менен толукталды.
Жогорку окуу жайлар үчүн чыгарылган мамлекеттик тилдеги окуу китептерин белек кылган Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине терең ыраазычылык билдиребиз!