

2026-жылдын 18-сентябрда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын китеп фонду “Биринчи” (Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына жана кыргыздын атактуу мамлекеттик ишмери Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына арналган), Кыргыз адабиятынын актуалдуу маселелери”, “Кыргыз тилинин актуалдуу маселелери”, “Кыргыз этнографиясы боюнча түшүндүрмө сөздүк”, “Архив иши боюнча терминдердин орусча-кыргызча, кыргызча-орусча сөздүгү”, “Көөнө сөздөр”, “Кыргыз тили” (мектепке чейинки балдардын курактык өзгөчөлүгүн эске алып, мамлекеттик тилди үйрөнүүгө, аны сыйлоого жана бири-бири менен мамиле түзүүгө үйрөтүү), “Кереметтүү боз үй” (кенже жана тестиер балдар үчүн), “Мамлекеттерге саякат”, (балдар энциклопедиясы), “Архитектура кереметтери” (балдар энциклопедиясы), “Тамгаларды тааныйлы” (“Балдарга кыргыз тили” сериясы. 1-китеп, кенже курактагы балдар үчүн), “Окуганды үйрөнөм” (“Балдарга кыргыз тили” сериясы. 2-китеп. 6-8 жаштагы балдар үчүн), “Ден соолук жана спорт” (Балдар энциклопедиясы), “Кыргыз музыкалык аспаптары” (Балдар энциклопедиясы) китептери менен толукталды.
Баалуу китептерди белек кылган Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясына, Кыргыз Энциклопедия жана терминология борборуна терең ыраазычылык билдиребиз!