Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Китеп фонду жаңы китептер менен толукталды

Китеп фонду жаңы китептер менен толукталды
01 Июл 2026

 

2026-жылдын 1-июлунда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын китеп фонду дагы бир баалуу адабий белек менен толукталды.


Китепканага белгилүү акын, публицист, котормочу жана англис тили мугалими, бир катар эл аралык адабий сынактардын жеңүүчүсү Наргиса Карасартова өзүнүн «Кыялдарды багынтып (Покоряя мечты)» позия жана проза жыйнагы жана «Бабочка, лети” аттуу китебин белекке тартуулады.
Наргиса Карасартова балдарга да, чоңдорго да арналган ырларды, жомокторду жана көркөм чыгармаларды жаратып, котормочулук жана журналисттик ишмердиги аркылуу улуттук адабияттын өнүгүшүнө үзүрлүү эмгек сиңирип келет.


Улуттук китепкана китеп фондун баалуу чыгармалары менен толуктаган Наргиса Карасартовага терең ыраазычылык билдирип, жетишкендикти жана чыгармачылык эргүү каалайт.