
2026-жылдын 25-августунда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фонду белгилүү кыргыз кинорежиссёру Төлөмүш Океевдин чыгармачылыгына арналган «Небо нашего детства» аттуу китеп менен толукталды.
Китепти режиссёрдун кызы Океева Азиза Төлөмүшовна Улуттук китепкананын фондусуна белек катары тапшырды.
Аталган басылма Төлөмүш Океевдин чыгармачылык мурасын таанытууда маанилүү булак болуп, окурмандар жана изилдөөчүлөр үчүн баалуу маалымат берет.
Улуттук китепкана Океева Азиза Төлөмүшовнага терең ыраазычылык билдирет.