Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Китепкана түнү – 2026” акциясы “Чоң казат” менен башталды

“Китепкана түнү – 2026” акциясы “Чоң казат” менен башталды
28 Май 2026

2026-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы “Китепкана түнү – 2026” коомдук-маданий иш-чарасын манас айтуу менен баштады.

«Эл ичи – өнөр кенчи» мамлекеттик биринчи салттуу кароо-сынагынын жеңүүчүсү, “Коркут Ата жана келечекке Түрк дастандары» эл аралык фестивалынын лауреаты (Түндүк Кипр, 2010-жыл), Саякбай Каралаев атындагы алтын жана «Кыргыз тили» төш белгисинин ээси, «Дүйнө эпостору – Олонхо жергесинде» эл аралык фестивалынын 1-орунду ээлеп, Якутия Президентинин колунан бриллиант чегерилген медаль жана Парламент спикеринен алтын саат алган атактуу манасчы Замирбек Баялиев “Манас” эпосундагы негизги өзөк окуялардын бири “Чоң казаттан” үзүндү айтты.

Белгилей кетсек, «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу Жарлыгын ишке ашыруу алкагында, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына карата “Эгемендик – ыйык мурас, Уңгужол – келечекке багыт» аталыштагы “Китепкана түнү – 2026” коомдук-маданий иш-чарасы өтүп жатат.

Саат 18:00до башталган, 24:00дө аяктайт!