Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

 “Китепкана түнү – 2026”: “Ала-Тоо” ыры жаңырды

 “Китепкана түнү – 2026”: “Ала-Тоо” ыры жаңырды
28 Май 2026

2026-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы өткөрүп аткан “Китепкана түнү – 2026” коомдук-маданий иш-чарасына жаш ырчы Бейше келип, мурдатан ырдалып, бирок анын аткаруусунда элге өзгөчө жаккан Келдибек Тургунбаевдин “Ала-Тоосун” созолонтуп ырдап берди.

Белгилей кетсек, «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу Жарлыгын ишке ашыруу алкагында, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына карата “Эгемендик – ыйык мурас, Уңгужол – келечекке багыт» аталыштагы “Китепкана түнү – 2026” коомдук-маданий иш-чарасы өтүп жатат.

Саат 18:00до башталган, 24:00дө аяктайт!