Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Китепкана түнү – 2026”: Көркөм сүрөт дүйнөсүнө келиңиздер!

“Китепкана түнү – 2026”: Көркөм сүрөт дүйнөсүнө келиңиздер!
25 Май 2026

28-майда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканага Айнек витраж жана портрет, шарж тарткан сүрөтчγлөр келатат.

Айнек витраж тарткан сүрөтчү (түстүү айнек же боёктор менен терезе, эшик, шып жана декоративдик паннолорго сюжеттик же орнаменттик жасалга композицияларын жараткан адис) Кайыргγл Казыбекова, портрет (адамдын реалдуу образын, сулуулугун, ички дүйнөсүн жана эмоциясын так, өзгөртпөй тартууга басым жасайт) жана шарж (адамдын күлкүсүн, көзүн, чачын же кыймыл-аракетин тамашалуу, азил иретинде тартат) тарткан Аман Чилдебаев менен Ошбай Дγйшебаев келатат. Позитивдүү маанай тартуулаган сүрөтчγлөр менен жолугам десеңиз, көркөм сγрөт дγйнөсγнө келиңиздер!

Белгилей кетсек, 28-майда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу Жарлыгын ишке ашыруу алкагында, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына карата “Эгемендик – ыйык мурас, Уңгужол – келечекке багыт» аталыштагы “Китепкана түнү – 2026” коомдук-маданий иш-чара өткөрөт.
Уюшулган иш-чарага баарыңыздарды чакырабыз, кадырлуу конок болуп, көңүл ачып кетиңиздер!
Коомдук-маданий иш-чара саат 18:00дө башталып, 24:00дө аяктайт!