
Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмү 28-майда өтө турган «Китепкана түнү – 2026» коомдук-маданий иш-чарага арналган «Кыргызстан элдеринин адабияты»/«Литература народов Кыргызстана» аттуу китеп көргөзмөсүн уюштурду.

Аталган китеп көргөзмөсүнөн «Манас» эпосун, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун, алп акын Алыкул Осмоновдун жана башка акын, жазуучулардын чыгармаларынын котормолорун, кыргыз, казак, азербайжан, армян, дунган, немис, өзбек, уйгур, украин, орус, татар, тажик, түрк, түркмөн тилдериндеги дүйнөлүк классик акын, жазуучулардан баштап, тарых, каада-салтты чагылдырган адабияттарды көрө аласыздар.
Белгилей кетсек, Улуттук китепкананын китеп фонду кыргыз тилиндеги жана көп улуттуу элибиздин эне тилинде жарык көргөн адабияттардын башка тилдерде котормолорун камтыйт.
Кыргызстан 120 улуттун өкүлдөрү жашаган өлкө. Кыргызстан калкынын биринчи курултайында Кыргызстан элинин ассамблеясы 1994-жылы 22-январда түзүлгөн.
Баарыңыздарды керемет китеп көргөзмөсүнө чакырабыз! Каалоочуларга эшик ачык!