Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Китепкана түнү – 2026” китепкана жаңычылдык табылгалардын мейкиндиги экендигин тастыктады

“Китепкана түнү – 2026” китепкана жаңычылдык табылгалардын мейкиндиги экендигин тастыктады
03 Июн 2026

Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында 2026-жылдын 28-майында «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу Жарлыгын ишке ашыруу алкагында, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына карата “Эгемендик – ыйык мурас, Уңгужол – келечекке багыт» аталыштагы “Китепкана түнү – 2026” коомдук-маданий иш-чарасы болуп өттү.

Китеп окуу маданиятын өнүктүрүүгө, жаштардын китепке болгон кызыгуусун арттырууга, окурмандарды китепканаларга тартууга багытталган иш-чарага расмий коноктор, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, манасчылар, маданият жана искусство ишмерлери, илимий кызматкерлер, белгилүү акын, жазуучулар, шахматчылар, ырчылар, бийчилер, комузчулар, сүрөтчүлөр, чыгармачыл жаштар, жогорку окуу жайлардын мугалимдери, студенттер, коомдук уюмдар, басмаканалар, улуттук-маданий борборлор, окурмандар, кичинекей балдары менен ата-энелер катышты.


Ч.Айтматов залында Чыңгыз Айтматов залында “Уңгужол — биздин улуу жол” аталыштагы тегерек үстөлгө Кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыков, Кыргыз эл акыны Маркабай Ааматов, белгилүү ишкер айым, меценат, “Супара” этнокомплексинин жетекчиси Жаңылсынзат Турганбаева, Саякбай Каралаев атындагы алтын жана «Кыргыз тили» төш белгилеринин ээси, атактуу манасчы Замирбек Баялиев, белгилγγ журналист, акын, котормочу Жыргалбек Касаболотов жана башка мугалимдер, студенттер катышып, өлкөнүн келечектеги өнүгүү жолу, идеология, нарктуу, мекенчил жана жоопкерчиликтүү жарандарды тарбиялоо, кыргыз элинин тарыхын, эне тилин, маданий мурасын сактап калуу тууралуу сөз кылышты.


Абай залындагы “Кыргыз поэзиясы кылымдардын кыйырында” аталыштагы тегерек столго улуу, орто, жаш муундун акындары катышты. Кыргыз эл акыны Карбалас Бакиров, белгилүү акын Өмүркул Кулумбаевдин кызы, УТРКда көп жыл эмгектенген, маданият, адабият, улуттук каада-салт жана кыргыздын руханий мурастарын даңазалап келаткан журналист Гүлмира Кулумбаева, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, Маданияттын мыкты кызматкери, акын Бурулкан Карагулова, Жолон Мамытов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, акын, котормочу, мугалим Алтынбек Исмаилов классик мыкты акындардын жана өздөрүнүн ырларынан көркөм окуп, поэзия ааламында саякатта болушту.

Жыйындар залына белгилүү кыргыз ырчылары жана уйгур, казак, украин диаспораларынын өкүлдөрү катышып, обондуу кыргыз ырларынан созуп беришти.


22 бөлүм өз иш бөлмөлөрүн кооздоп, жасалгалап, ар кыл темада китеп, сүрөт көргөзмөлөрүн жана элүүдөн ашык ар кандай кызыктуу иштерди уюштурушту. Келген конокторго белгилүү инсандар, юрист, адвокаттар менен жолугушууларды, мастер-класстарды, жасалга-колдонмо өнөрү көргөзмөлөрүн, адабий сынактарды жана суроо-жооп оюндарын, видеокөрсөтүүлөрдү, концерттик номерлерди, кинолорду, театрлаштырылган жана башка кызыктуу оюн-зоокторду уюштуруп, элге энергия, руханий саякат жана руханий ырахат тартуулашты.


18:00дө башталып, 24:00дө аяктаган “Китепкана түнү – 2026” коомдук-маданий иш-чарасы китепкана бир гана сактоочу жай эмес, заманбап санариптик өнүгүү жана билим, жаңычылдык табылгалардын мейкиндиги экендигин дагы бир ирет тастыктады.