2026-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу Жарлыгын ишке ашыруу алкагында, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына карата “Эгемендик – ыйык мурас, Уңгужол – келечекке багыт» аталыштагы “Китепкана түнү – 2026” коомдук-маданий иш-чара өткөрөт.
Жеке ички туюм, ынандыруу жана даңазалуу «Мафия» оюнунун сырларын ачуу жөндөмүңүздү сынап көрүңүз!
Программада:
*кызыктуу оюн таймаштары;
*тайпалык стратегиялар жана ой калчоо;
*катардагы жашоочулар жана мафия ролдору;
*жандуу баарлашуу жана талкуулоо;
*сергектик жана ички туюм жөндөмүн арттыруу;
*кызыктуу жашыруун сырлар ааламы;
*жаңы жүздөр жана эстен кеткис сезимдер
Сиздерди, бүгүн, 28-майда Улуттук китепкананын астанасынан жагымдуу музыка менен күтүп алабыз! Келип, кадырлуу конок болуп көңүл ачып кетиңиздер!
Эскерте кетсек, “Китепканадагы кадыр түн – 2026” коомдук-маданий иш-чарасы саат 18:00дө башталып, 24:00дө аяктайт!