Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Китепкана түнү – 2026”: Омар, Акмарал, Бейше менен жолугушууга келиңиздер!

“Китепкана түнү – 2026”: Омар, Акмарал, Бейше менен жолугушууга келиңиздер!
27 Май 2026

2026-жылдын 28-майында Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканага «Алла Пугачеванын Алтын жылдызына» татыган Маданияттын мыкты кызматкери, кыргыз, орус, англис тилдеринде ырдап, эл сγймөнчγгγнө ээ болгон ырчы Омар (Өмүрбек Жанышев), учурда популярдуу болуп жаткан салттуу жана заманбап стилди айкалыштырган арген γндγγ ырчы Акмарал Эркинбек кызы жана Келдибек Тургунбаевдин “Ала-Тоо” ыры менен дγң болуп аткан Бейше келатат. Алар сиздерге жандуу добуш менен унутулгус сезим, майрамдык маанай тартуулашат.

Уюштурулган иш-чарага баарыңыздарды чакырабыз, кадырлуу конок болуп, көңүл ачып кетиңиздер!

Белгилей кетсек, 28-майда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу Жарлыгын ишке ашыруу алкагында, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына карата “Эгемендик – ыйык мурас, Уңгужол – келечекке багыт» аталыштагы “Китепкана түнү – 2026” коомдук-маданий иш-чара өткөрөт.

Коомдук-маданий иш-чара саат 18:00дө башталып, 24:00дө аяктайт!