28-майда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканага Карбалас Бакиров, Меңди Мамазаирова, Маркабай Ааматов, Асан Жакшылыков баштаган белгилүү эл акындары, жазуучулар келатат. Атактуу акындардын сиз жактырган ырларын өздөрүнүн көркөм окуусунда угуп, жүзмө-жүз жолугуп, сөздөрүн угуп, суроолорду бере аласыз.
Искусство жана чыгармачылыктын жандуу атмосферасын, поэзия ышкыбоздоруна жагымдуу кеч жана көңүлдүү баарлашуу, өзгөчө маанай тартуулаган классикалык музыканы угууга келиңиз!
Белгилей кетсек, 28-майда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу Жарлыгын ишке ашыруу алкагында, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына карата “Эгемендик – ыйык мурас, Уңгужол – келечекке багыт» аталыштагы “Китепкана түнү – 2026” коомдук-маданий иш-чара өткөрөт.
Уюшулган иш-чарага баарыңыздарды чакырабыз, кадырлуу конок болуп, көңүл ачып кетиңиздер!
Коомдук-маданий иш-чара саат 18:00дө башталып, 24:00дө аяктайт!