Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Китепкана түнү – 2026”: Салттуу жана заманбап кол өнөрчүлүк кереметтерине келиңиз!

“Китепкана түнү – 2026”: Салттуу жана заманбап кол өнөрчүлүк кереметтерине келиңиз!
26 Май 2026

28-майда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада улуттук кол өнөрчүлүк, сайма жана оюмдар, кийиз чеберчилиги, сувенирлерди даярдоо, көркөмдөп мончок тизүү, карапа жана карапа жасоо өнөрү, кездеме жана жыгач бетине сүрөт тартуу, колдонмо көркөм чыгармачылык боюнча мастер-класстар, көргөзмөлөр жана чыгармачылык жолугушуулар өтөт.
Салттуу жана заманбап кол өнөрчүлүк кереметтерине өзүңүз күбө болуп, шыгыңызды ойготуп, биз менен бирге жаратмандыкты көрсөтүңүз!
Белгилей кетсек, 28-майда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу Жарлыгын ишке ашыруу алкагында, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына карата “Эгемендик – ыйык мурас, Уңгужол – келечекке багыт» аталыштагы “Китепкана түнү – 2026” коомдук-маданий иш-чара өткөрөт.
Уюштурулган иш-чарага баарыңыздарды чакырабыз, кадырлуу конок болуп, көңүл ачып кетиңиздер!
Коомдук-маданий иш-чара саат 18:00дө башталып, 24:00дө аяктайт!