2026-жылдын 28-майында Алыкул О
смонов атындагы Улуттук китепканада төрт жүздөн ашуун ыр-романс, кантата, хор, симфониялык оркестр, түрдүү музыкалык аспаптар үчүн көптөгөн чыгармаларды жана комуз үчүн күүлөрдү жараткан легендарлуу обончу-жубайлар, Кыргыз эл артисттери Атайбек Бөдөшов, Каныкей Эралиева, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, ырчы Анарбек Сардарбеков, белгилүү обончу, ырчы Болот Токтобаевдин уулу Нурбек Болотбеков, опера ырчылары Темирлан Дайрабаев, Бактыгүл Бокоева баштаган ырчылар жандуу мукам үндөрү менен шаңдуу концерт тартуулашат.
Мыкты скрипач Уланбек Асанбеков скрипкада элдик жана заманбап чыгармаларды ойноп, философиялык ой чабыты терең жаңы күүлөрдү, 70тен ашык өздүк күүлөрүн черткен мыкты комузчу Кенжебек Алдаяр күү чертип берет.
Сиздерди майрамдык маанай, жандуу добуш, таланттуу аткаруучулар жана унутулгус сезимдер күтөт!
Уюштурулган иш-чарага баарыңыздарды чакырабыз, кадырлуу конок болуп, көңүл ачып кетиңиздер!
Белгилей кетсек, 28-майда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу Жарлыгын ишке ашыруу алкагында, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына карата “Эгемендик – ыйык мурас, Уңгужол – келечекке багыт» аталыштагы “Китепкана түнү – 2026” коомдук-маданий иш-чара өткөрөт.
Коомдук-маданий иш-чара саат 18:00дө башталып, 24:00дө аяктайт!