Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Китепкана түнү – 2026”: Шахмат оюнунда чоңдор менен балдар беттешет!

“Китепкана түнү – 2026”: Шахмат оюнунда чоңдор менен балдар беттешет!
25 Май 2026

2026-жылдын 28-майында Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада белгилүү инсандар менен мектеп окуучулары шахмат оюнунда беттешет.

Шахматчыларга шахмат боюнча спорт чеберчилигине кандидат Алинур Алиаскар уулу калыстык кылат.

Белгилей кетсек, 28-майда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу Жарлыгын ишке ашыруу алкагында, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына карата “Эгемендик – ыйык мурас, Уңгужол – келечекке багыт» аталыштагы “Китепкана түнү – 2026” коомдук-маданий иш-чара өткөрөт.

Уюшулган иш-чарага баарыңыздарды чакырабыз, кадырлуу конок болуп, көңүл ачып кетиңиздер!

Коомдук-маданий иш-чара саат 18:00дө башталып, 24:00дө аяктайт!